Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:50

ЖК комитети президенттик шайлоону 23-июлга белгиледи


ЖК Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети президенттик шайлоо күнүн 2009-жылдын 23-июлуна белгиледи. Комитеттин төрагасынын орун басары Автандил Арабаевдин айтуусунда, эгер президенттин ыйгарым укугунун бүтүү мөөнөтү 25-октябрь болсо, ушул күндөрдүн мыйзамдык мөөнөттөрүн карай келгенде, шайлоо 23-августка туура келет. “Бул убакта элдер отпускта, талаа жумуштарында болот. Буларды эске алып, шайлоону 23-июлга белгиледик. Автандил Арабаев шайлоо бул убакыттан мурун да өткөрүлсө болоорун, бирок бул күндөн кечигип калса конституциянын чечими ишке ашпай калышы мүмкүндүгүн белгиледи. Бул чечим эртең ЖК жыйынын күн тартибине киргизилет.(AzK)

XS
SM
MD
LG