Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

“Ата Мекен” президенттик шайлоого катышат


Президенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясы катышат жана жарышка ким түшөөрүн оппозициячыл күчтөр менен кеңешип туруп чечет. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, бул маселе бийлик тараптан ким талапкер болоруна жараша чечилет. Анткени, азыркы президент ден соолугуна байланыштуу шайлоону шашылыш жарыялады жана ага катышпайт деген божомол бар. Ал эми саясат талдоочу Орозбек Молдалиев бийлик эмдиги жылы күчөй турган каржы кризисинен улам жеңилип калбас үчүн шайлоону быйылкыга белгиледи жана бул “Ак жол” партиясынын юристтеринин мурдагы билдирүүлөрүнө карама-каршы болду деп билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG