Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

А.Бекназаров: Оппозиция шайлоо маселесин акциядан кийин талкуулайт


Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысынын айтымында, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурун дайындалышы Курманбек Бакиевдин өз ыктыяры менен президенттик кызматтан кетүүсүн билдирет. Анын 23-июлга белгилене турган президенттик шайлоого катышаар-катышпасы күмөн. Ал эми оппозиция болсо президенттик шайлоо маселесин 27-мартка белгиленген жалпы өлкө аймагындагы акциядан кийин талкуулайт. Элдин пикири угулуп, кырдаал эске алынат. Бирок кандай болгон күндө да оппозиция президенттик шайлоого катышат.Азыркы мезгилде жер-жерлерде түзүлгөн БЭКтин бөлүмдөрү шайлоо штабдары катары кызмат кылат.(AiT)

XS
SM
MD
LG