Жогорку Кеңештин бүгүнкү пленарды отурумунда Мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитети президенттик шайлоонун күнүн аныктоо маселесин сунуштап, ал парламенттин күн тартибине киргизилди. 19-марттагы Конституциялык сотун чечиминен кийин ошол эле күнү комитет шашылыш жыйын куруп, президенттик шайлоонун мөөнөтүн 23-июлга белгилөөнү паралментке сунуштоо чечимин кабыл алган. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеште комитеттин төрагасы Зайнидин Курмановдун бүгүн сөз сүйлөөсү белгиленүүдө.(AiT)