Президенттин маалымат кызматынын маалымдоосуна караганда, Аксы районунун акими Аскербек Алиев кызматынан бошотулуп, ошол эле замат Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун акими болуп дайындалды. Президенттин дагы бир буйругу менен Талантбек Орозов Аксы районунун акими болуп дайындалды.(AiT)