Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Аба ырайы: Шашылыш билдирүү!


21-22- мартта Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда, Бишкек- Ош автожолунун 121-138, 198-265 чакырымдарында Ала-Бука-Каныш-Кыя, Кара-Кулжа- Алай-Куу, Бишкек-Торугарт, Нарын-Казарман, Арал-Минкуш, Каракол- Сары-Жаз жолдорунда кар көчкү жүрүшү ыктымал. Эртең 21-мартта Чүй, Талас өрөөндөрундө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарынын тоо этектеринде -1..-4 даражага чейин суук болуп үшүк жүрөт. Мындай үшүк өрүк жана башка гүл ачып калган мөмө бактарына коркунучтуу. Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон желдин ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас дубандарында түнкүсүн -1....-4 кундүзү +10....+15 даража.
Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүнүн дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +1...+6, күндүзү +11...+16, тоо этектеринде түнкүсүн -1...-4, күндүзү +9...+14 даража.

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0....-5, кундүзү +4....+9 даража.
Нарын жергесинде түнкүсүн -4....-9, күндүз +2....+7 даража.


Бишкек шаарында жаан чачын жаабайт, батыштан ылдамдыгы секундасына 2- 7 метр жел жүрөт. Абанын температурасы: түнкүсүн -1....-3 күндүзү +12....+14 даража жылуу болот, деп билдирет Кыргызстандын гидромет борбору.

XS
SM
MD
LG