Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Бүгүн Ирак согушунун башталганына 6 жыл болду. АКШ жетектеген оккупациянын натыйжасында Саддам Хусейндин режими кулатылган


Соңку жылдары өлкөдө ар кандай кагылышуулар, кол салуулар кескин азайды. Жергиликтүү аскерлер Ирактагы коопсуздукту камсыздоо вазийпасын толугу менен өздөрүнө алууга даярданышууда. Ассошейтед Пресс агенттигинин маалыматына ылайык, быйыл февралда өлкөдө кеминде 288 жайкын жашоочу курман болгон. Бул – былтыркыга караганда 63 процентке аз. 3 айдан кийин америкалык жоокерлер Ирактын ири шаарларынан чегине башташат. 2011-жылга чейин болсо контингентти Ирактан толугу менен чыгаруу пландалууда.

XS
SM
MD
LG