Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

БШК шайлоочуларга кайрылуу менен чыкты


БШК кайрылууда шайлоочуларды 23-июлда боло турган президенттик шайлоого активдүү катышып, татыктуу адамды мамлекет башчылыкка тандап алууга, эркин жана ыктыярдуу тандоо укугун пайдаланууга чакырды.Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн мыйзамды так аткарып, шайлоочу өз каалоосун толук билдиргенге шарт түзүүгө, президенттикке талапкерлерди болсо жалпы улуттун ынтымагы менен мамлекеттин биримдигин сактоого жоопкерчиликтүү болууга үндөдү. Мамлекеттик бийлик органдарын административдик басым кылбоого, тартип коргоо органдарын тартипти, саясий партияларды мыйзамдуулукту сактоого, массалык маалымат каражаттарын маалымат таратуу эркиндигин аша чаап пайдаланбоого чакырды.(BD)

XS
SM
MD
LG