Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Президенттикке талапкер көрсөтүүгө кенен бир ай бар


Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо өнөктүгү башталганын расмий жарыялады. Мыйзам талабы боюнча президенттикке талапкерлер 18-майга чейин БШКдан каттоодон өтүшү керек.

БШКнын маалыматына караганда райондук, облустук, шаардык шайлоо комиссиясына саясий партиялардын өкүлдөрү талапкерлерин 20-марттан баштап көрсөтө башташы керек. Райондук, облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларына талапкерлерди көрсөтүү 28-мартта аяктайт. Ал эми президенттикке талапкерлер 18-майга чейин БШКдан каттоодон өтүшү зарыл. Адилет министрлигинен каттоодон өткөн гана саясий партиялар талапкерлерин көрсөтө алат, дейт БШКнын төрагасы Дамир Лисовский:

- Ар бир саясий партияларга мыйзам бирдей. Адилет министрлигинен каттоодон өткөн гана саясий партиялар өздөрүнүнүн уставы аркылуу талапкерин көрсөтө алат. Бириккен кыймыл аркылуу болсо алардын каттоодон өткөнү жок. Эгерде каттоодон өтсө анда кудай жалгасын.

БШКнын маалыматына караганда 21-марттан баштап саясий партиялар талапкерлерди сунуштоого, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн шайлоого, кол топтоого киришсе болот. Президенттикке талапкерлигин койгон адам элүү миңден кем эмес кол топтоого тийиш жана мамлекеттик тил боюнча сынактан өтөт.

Айрым саясий партиялардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын көпчүлүгүн «Ак жол» партиясы түзгөндүктөн ага ишеним жок экенин айтышууда. “Ак жол” партиясынан башка партиялардын өкүлдөрү алдыдагы президенттик шайлоодо бийлик добуштарды өздөрү каалаганындай бурмалоого барышат деген коптонууларын айтышууда.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев:

-Негизгиси биз Борбордук шайлоо комиссиясына ишеним артпайбыз. Ал жерде бүт «Ак жолчулар» жыйналып, шайлоону таза өткөрбөй тескерисинче бурмалоого аракет жасайт деп эсептейбиз. Ошондуктан биз элдин пикирине, элдин күчүнө таянып, БШКнын курамын жалпы эле шайлоо комиссиясынын курамын жаңы эреже менен түзүп чыгуусун талап кылабыз. Бул Бириккен оппозиция тарабынан 50 пайыз, бийлик тарабынан 50 пайыз. Мына ушундай комиссия менен гана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө мүмкүн.

Текебаев белгилегендей, президенттик шайлоо боюнча оппозициялык партиялар кеңешип, ошол кеңештин жыйынтыгына ылайык бир чечимге келишет.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов президенттик шайлоого карата оппозициядагылардын чочулоосуна негиз жоктугун, бул саясий иш чара мыqзамдын алкагында таза, адилет жүргүзүлөрүн айтты:

-Борбордук шайлоо комиссиясы өзүбүздүн баш мыйзам болгон Конституциянын жана Шайлоо кодексинин негизинде президенттик шайлоону мыйзамдуу түрдө өткөзөт деген менин толук ишенимим бар.

21-мартта БШК президенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча тогуз бөлүктөн турган календардык иш планын бекитип, жер-жерлерде шайлоо комиссияларын түзүү, талапкерлер топтогон кол тамгаларды кабыл алуу, текшерүү жана талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрү менен иштей турган жумушчу топтор жөнүндөгү жоболорду кабыл алды.

Борбордук шайлоо комиссиянын эсебине ылайык президенттик шайлоону өткөрүүгө 172 миллион сомдон ашык каражат жумшалмакчы.

«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев президенттик шайлоо боюнча маселе Бириккен элдик кыймылында дүйшөмбү күнү талкууланарын, балким 27-март президенттик шайлоонун башталышы болуп калаарын белгиледи.


СДП партиясынын лидерлеринин бири Бакыт Бешимов бул маселе боюнча өз ара талкуулашып, бир пикирге келишкенден кийин бир-эки жумадан соң так жообун айта турган болду.

XS
SM
MD
LG