Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Шаршембиде укук коргоо уюмунун ассамблеясынын жыйыны болот


Тутумунда 120 бейөкмөт уюм жана 700дөн ашуун активдүү мүчөсү бар “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун ассамблеясынын жыйыны 25-мартта Бишкекте болот. Мындай маалымат уюмдун жетекчилигинен алынды. Анда “Адам укугу жана Кыргызстандын 2012-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы” деген документ кабыл алынат. Стратегияда тартип коргоо органдары СССР мезгилинен бери колдонулуп келаткан эски жоболор менен эрежелерди жоюп, анын ордуна эл аралык стандарттарга ылайык даярдалган жоболор менен иштөө милдетин алдыга коет. Укук коргоо уюму андан тышкары бийлик жалпы эл каттоо аркылуу жарандардын өзү тууралуу гана маалымат чогултпастан мүлкүн, малын да каттап, жеке жашоосуна кийлигишип жатат деп эсептеп, адамды жашаган жеринде каттоо, дареги анык эмес адамдарды кармап, бөлүштүрүү деген тартипти жооко чыгаруу үчүн аракет көрөт. Укук коргоочулар стратегиянын долбоорун 19-мартта жети облустта өткөн жыйындарда талкуулап, жактырган.(BD)

XS
SM
MD
LG