Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Кыргызстандагы дипломатилык корпустардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Кыргызстандагы уран калдыктары көмүлгөн жайларга байланыштуу келип чыккан маселелерди талкуулоо 21-24-апрелде болот. Иш-чарага мамлекеттик мекемелерден, илимий жана ишкерлер чөйрөсүнөн адистер катышмакчы. 2009-жылдын 29-июнунда ушул эле темага арналган эл аралык форум Женевада өтөт. (EBM)