Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Каракол жана Балыкчы шаарларында ыңкылап күнүнө арналган иш чаралар өттү


24-март - элдик революция күнү майрам катары Ысык-Көлдө өткөн жылы элдик сейилдөө менен гана чектелген. Быйыл бюджеттик бардык мекеме ишканалар ыңкылаптын төрт жылдыгында улуттук ыр-бийлерди, оюндардын түрлөрүн тартуулап, ага жараша жасалга көрнөктөрдү илишти. Мындай салтанат Балыкчы жана Каракол шаардык мэрияларынын алдында өттү. Ал эми ат майданга алты миңдей киши чогулуп, губернатордун байгесине улак тартыш оюну болду. Облустун губернаторунун орун басары К.Алышпаевдин айтуусунда ага 60 миң сом коюлду. Жергиликтүү талдоочулар быйылкы март майрамдарына өзгөчө даярдык көрүлгөнүн элди 27-марттагы оппозициялык митингден алаксытуу аракети деп белгилешүүдө.(RB).

XS
SM
MD
LG