Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

АКШ экономикасын көтөрүү боюнча чаралар натыйжа бере баштады


Бул тууралуу Барак Обама Вашингтондо маалымат жыйынынын башталышында билдирип, анын администрациясы экономикалык кризиске каршы бардык багыттарда күрөшүп жатканын белгиледи.

Обама ошондой эле келерки жылдын 3 триллион 550 миллиард долларга эсептелген бюджет долбоорунун тууралыгын коргоду. Долбоорду буга чейин чыгымдар ашыкча эле көп деген жүйөө менен оппозициядагы республикачылар гана эмес айрым демократтар да сынга алышкан эле.

Обаманын соңку билдирүүсү алдында каржы министри Тимоти Гейтнер кыйроосу АКШнын каржы системасына жана экономикасына олутуу коркунуч туудуруучу ири каржы компанияларынын ишин жөнгө салуу үчүн ага кошумча ыйгарым укук берүүгө Конгрессти чакырды. Гейтнер Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын каржы кызматтары боюнча комитетиндеги сөзүндө белгилегендей, банктарды башкаруу ишине жол берген азыркы эрежелер бул үчүн жетишсиз. Бир күн мурда каржы министрлиги банктарды кайтарылбаган карыздардан арылтуу боюнча узактан бери күтүлгөн планды жарыялаган.

XS
SM
MD
LG