Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Оппозиция: 27-мартта өтүүчү митингге бийлик тоскоолдук кылууда


Бул тууралуу БЭКтин мүчөлөрү бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. Штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун айтымында, бийлик тарабынан канчалык тоскоолдуктар көрсөтүлгөнү менен 27-мартта Кыргызстандын бардык аймактарында жана Бишкекте жалпы элдик митинг өткөрүлөт. Баш калаанын мэриясы митинг өткөрүүгө уруксат бербегени менен аларга митинг өткөрүү боюнча кабарланган. “ Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев президент Курманбек Бакиевге митингге катышууга чакыруу жолдонгонун билдирди. “К.Бакиев кечээги өзүнүн кайрылуусунда жарандык коом менен диалогго барууга даяр экендигин айтты. Эгерде президент 27-мартта Бишкектеги митингге чыгып, акимдер өздөрүнүн райондорундагы митингде төрт жылда эмне иш аткаргандарын айтып, алдыда эмнелер күтүп жатканын түшүндүрсө бул чыныгы эки тараптуу диалог болот”,-деди Сариев. (AJ)

XS
SM
MD
LG