Жогорку Кеңштин төрагасы Айтибай Тагаев Кыргызстан эгемен болгондон бери эл жана турак жай каттоо экинчи жолу болуп жатканын белгилеп, ага коомчулукту активдүү катышууга үндөдү. “Эл жана турак жай фондун каттоо – бул мааниси чоң мамлекеттик иш-чара. Каттоонун жыйынтыгы менен мамлекетибиздин келечегине байланышкан социалдык, экономикалык өнүктүрүү программаларын түзүүгө карата эбегейсиз так маалыматтар жыйналат. Ошондуктан каттоого жигердүү катышууга чакырам”, - деди А.Тагаев. (КЕ)