АКШнын мамлекеттик катчысы бул тууралуу Мексикада жүргөн маалында билдирди. Ал Түндүк Кореянын ракета учуруу планын чагым деп атоо менен анын кесепеттери болоорун эскертти. Эгерде Түндүк Корея ракетасын сыноону ишке ашырса АКШ бул маселени Улуттар Уюмуна алып чыгат.
АКШнын мамлекеттик катчысынын мындай билдирүүсүнүн алдында Япониянын Киодо жаңылыктар агенттиги Түндүк Корея узак аралыкка жетүүчү баллистикалык ракетасын учуруучу жайга орнотконун кабарлаган эле. Түндүк Корея болсо 4-8-апрелдин аралыгында жердин жасалма жандоочусун учураарын билдирүүдө. Бирок региондогу башка мамлекеттер Пхеньян узак аралыкка жетүүчү ракетасын сынап жатат деген пикирде болууда.