Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

АКШнын президенти НАТОнун кеңейишин колдойт


Барак Обама НАТО аскерий биримдигине кошулууну көздөгөн Европалык башка өлкөлөрдү карай кеңейишин колдоорун Вашингтондо НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер менен кездешкен соң билдирди. Бирок бул жолугушуудан соң Обама ошондой эле АКШ-Россия алакаларын оңдоо багытында да иш жүргүзөөрүн убада кылды.

АКШ президенти менен уюмдун баш катчысынын кездешүүсү НАТОнун саммитинен бир жума мурда болуп өттү. Барак Обаманын айтымында, ал саммитте өз администрациясынын Ооганстандагы миссиясы боюнча кайра каралган стратегиясы менен НАТОнун калган мүчөлөрүн тааныштырат.

XS
SM
MD
LG