Кыргызстан Тышкы иштер министри Москвада Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр, Мамлекеттик Думада жолугушуулар өткөрөрү белгиленүүдө. Андан сырткары Кадырбек Сарбаев 27-мартта Москвада Шанхай кызматташуу уюмунун алкагында боло турган Ооганстан боюнча конференцияга катышмакчы. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)