Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Журналист Сыргак Абдылдаевге операция ийгиликтүү жасалды


Бул тууралуу Бишкек травмотологиялык жана ортепедия боюнча илим изилдөө борборунун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Сабыр Жумабеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, С.Абдылдаевдин оң колунун чыканагынын огуна операция жасалып, сынган сөөктөр калыбына келтирилди. “Абдылдаевдин сол колунун сынган сөөктөрү акырындап бүтүүдө, бир ай байкап көрөбүз. Балким экинчи операция кылуунун кажети жок болот. Азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Учурда анын саламаттыгы жакшы”,-деди Жумабеков. 3-мартта “Репортер-Бишкек” гезитинин саясий серепчиси Сыргак Абдылдаевге белгисиз адамдар кол салып, денесине 21 жолу бычак сайып, эки колун сындырып кетишкен. ИИМдин маалыматына караганда кылмышкерлер азыркы учурга чейин кармала элек. (AJ)

XS
SM
MD
LG