Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 19:05

Д.Лисовский: Соттолгон адам президенттикке талапкерлигин кое албайт


Бул тууралуу БШКнын төрагасы Дамир Лисовский маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тергөөдө жүргөн адам президенттикке талапкер болуп катталышы мүмкүн. Ал ошондой эле Кыргызстанда шайлоо компаниясы эркин жана демократиялуу боло тургандыгын белгиледи. Учурда тергөөдөгү “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов менен экс-министр Исмаил Исаковдун президенттик шайлоого катышууга укугу барбы?- деген журналисттердин суроосуна, “Шайлоо кодекси боюнча соттолгон адам гана президенттик шайлоого талапкер болуп катталбайт”,-деген жообун берди төрага. Президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда өтөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG