Европа Кеңеши тараткан билдирүүдө журналист Сыргак Абдылдаевге болгон кол салуу, оппозиция лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун кармалышы жана күйүп кеткен машинада белгилүү саясатчы Медет Садыркулов болушу мүмкүн делген окуяларга тынчсызданып жатканы жазылган. Ошондой эле ЕК буларды эркиндиктин чектелиши катары баалап, Кыргызстандын бийлигин ушул маселелерди дыкат изилдеп чыгууга жана президенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө чакырган. (КЕ)