Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:37

Бангладеш эгемендүүлүктүн 38 жылдыгын белгилөөдө


Өкмөт борбор шаар Дакага кошумча аскерлерди жайгаштырды. Бийликтер исламчыл жоочулар кол салышы ыктымал деп чочулашат. Ошондой эле салттуу майрамдык аскерий парад быйыл уюштурулган жок. Февралда чегара кызматында болгон козголоңдо 75 киши, анын ичинде 57 аскер набыт кеткен. Бангладеш 1947-жылы Британия чегингенден кийин Чыгыш Пакистандын бир бөлүгү болуп калган. 1971-жылы көз карандысыздык үчүн уруштан кийин эгемендүүлүккө жетишкен. Бангладештин 150 миллиондук калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөт.

XS
SM
MD
LG