Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

АКШ Мамлекеттик катчысы Гаагада Иран өкүлдөрү менен «өзүнчө» жолукпайт


Ооганстан боюнча эл аралык конференция келерки аптада Гаагада өтөрү күтүлүүдө. Хиллари Клинтондун ал конференция учуруда ирандык расмий өкүлдөр менен «өзүнчө» жолугуу планы жоктугун Мамлекеттик департамент билдирди. Иран конференцияга катышуу чакырыгын кабыл алганын кечээ ырастаган. Мамлекеттик департамент конференцияга Ирандын келүүсүн кубаттады. Иранга чакыруу Мамлекеттик катчы Хиллар Клинтон тарабынан жолдонгон жана бул Обаманын администрациясынын Иран менен диалогко баруу багытындагы конкреттүү кадамы катары каралууда.

Ооганстан боюнча конференцияга БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун жана 80ден ашуун өлкөнүн делегаттары катышары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG