Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

“Ата Мекен” партиясынын Талас облустук уюмунун жетекчиси суракта болду


“Ата Мекен” партиясынын Талас облустук уюмунун төрайымы Койсун Курманалиева түнү менен Талас шаардык ички иштер бөлүмүндө суракка алынды, деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Алманбет Шыкмаматов “Азаттыкка”. Анын айтымында, милиция кызматкерлери Курманалиеваны суракка алынуусун бирөөнүн дарбазасын өрттөгөндүгү тууралуу арыз келип түшкөндүгү менен түшүндүрүшкөн. “ Тартип коргоо кызматкерлеринин мындай аракети Таластагы митингди болтурбоого карата жасалган шылтоо”-дейт Шыкмаматов. Таластагы “Азаттыктын” кабарчысы Улан Эсенгелди уулунун маалыматына караганда кечээ Талас шаарындагы “Ата Мекен” партиясынын активисттеринин бири, “Ачык саясат” гезитинин кабарчысы Данил Акжоловдун үйүнө Койсун Карасартовадан келдик деп үч бала кайрылышкан. Алар кетери менен Акжоловдун дарбазасы өрттөнүп кеткен. Талас шаардык ички иштер бөлүмү бул окуянын чоо-жайын иликтеп, далидегенден кийин так маалымат беришерин билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG