Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:08

Алайда И. Исаковду коргоо боюнча акция башталды

“Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Жанарбек Акаевдин маалымдашынча, Алай районунун борбору Гүлчөдө азыр үч жүзгө жакын адам топтолду. Акциянын уюштуруучулары ар айыл өкмөттөрүнөн баш-аягы эки миңдей адам келет, деп болжоп жатышат. Нааразылык иш-чарага келгендер мурунку коргоо министри Исмаил Исаковдун сүрөттөрүн көтөрүп, “Исаковдон колуңду тарт” деген сыяктуу жазууларды кармап турушат. Район жетекчилиги нааразылык иш-чараларды өткөрүү үчүн маданият үйүн беришкен. Бирок пикетчилер кирүүдөн баш тартып, акциясын көчөдө өткөрүүнү чечишти. (EBM)
XS
SM
MD
LG