Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Сокулуктагы митингге бир миңге чукул адам катышты


Бул тууралуу “Ак шумкар партиясынын лидери Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тынч митингдин катышуучулары БЭКтин резолюциясын жактырып, кабыл алышып, Курманбек Бакиевге президенттик шайлоого бара турган болсо өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуп туруп, катардагы адам катары шайлоого барсын деген сунушту резолюцияга кошуп коюну сунушташты. Бишкектеги митингге байкоо салып турган Акыйкатчы Турсунбек Акун митингде чыгып сүйлөгөн адамдардын көз караштарын айтуусу Конституциялык укугу экендигин, акция учурунда тартип коргоо кызматы тарабынан дагы, митингге чыккандар тарабынан дагы мыйзам бузуулар болбогонун “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG