Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Мечит курууга Ысыккөл кинотеатрынын жанынан жер бериле турган болду


Жаңы мечитти курууга Ысык-көл кинотеатрынын жанындагы Гоголь-Жибек жолу көчөсүнүн кесилишиндеги 3 гектардан ашык жер бериле турган болду. Бул боюнча президенттин өзү менен муфтий, шаардын мэри, курулуш жана архитектура башчысы жолугушуп макулдашкан. Жаңы мечиттин долбоорунда 10 миң киши бир убакытта намаз окуп чыгуусу каралган. Мечит курулат деп шаар бийлиги мурда берген Ленинград-Жаш гвардия көчөсүнүн кесилишиндеги 10 гектар жер саздак болгондуктан курулушка жарабай калды, деп билдирди “Азаттыкка” Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы ажы Жуманов. (AJ)

XS
SM
MD
LG