Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Апрелде Италиядан делегация келет


27-мартта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков Италиянын Кыргызстандагы консулу Жоржио Фиаккони менен жолугушуп, экономика, маданият, туризм жаатында эки тараптуу кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жолугушууда К.Исабеков Италиянын жараны Франческо Минникучинин демилгеси менен кыргыз-италия “Манас” маданий борборунун ачылганын, “Манас” эпосунун италия тилинде которулуп жатканын белгиледи. Өз сөзүндө Ж. Фиаккони үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкекке иш сапары менен Италиянын тышкы иштер министрлигинин вице-министри Альфредо Мантика баштаган делегация келерин билдирди.(AJ)

XS
SM
MD
LG