Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Жалал-Абатта казына акчасын жок кылгандарга кылмыш иштери козголду


Обулустун прокуратура кызматтары республикалык бюджеттен берилген теңдөө гранттарынын коротулушун текшергенден кийин казыналык каражаттарды ыйгаргандарга алты кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын маалымат кызматы таратты. Прокурорлор жүргүзгөн иш-чараларга ылайык, мыйзамсыз иштетилген 1 млн. 195миң 455 сомдун 694 минң сому өндүрүлүп алынган. Аксы райондук маданият үйүнүнүн деректирине ачылган кылмыш иши соттун кароосуна жиберилди. Ал маданият үйүн оңдоого бөлүнгөн 300 миң сомдун 129 миңин ыйгарып алган. Дайын-дареги аталбаган кесиптик лицейдин директор орунбасарына да Кылмыш кодексинин 171-беренесине ылайык иш козголду. Директор орунбасары ремонтко ажыратылган 565 миң сомдун 107 миң сомдон ашыгын өз пайдасына сиңирип алган деп, Башкы прокуратура таркаткан маалыматта айтылат.(YA)

XS
SM
MD
LG