Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:16

Түркиядагы жергиликтүү шайлоодо бийлик партиясы алдыга чыкты


Бирок кечээги добуш берүүнүн жарым –жартылай жыйынтыгы көргөзгөндөй, премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын исламчыл маанайдагы Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясына карата колдоонун деңгээли мурдагы шайлоого салыштырмалуу төмөндөгөн. Бул партия 2007-жылкы парламентик шайлодо 46% добуш алган эле. Ал эми кечээги жергиликтүү шайлоонун толук эмес жыйынтыктарына караганда, аны шайлоочулардын 39%ы колдоду.

Түркиянын оппозициядагы негизги саясий уюму – Респбликалык элдик партия 20% добуш менен экинчи орунга, Улуттук аракет партиясы үчүнүчү орунга чыкты.

Күрддөргө жантарткан Демократиялык коом партиясы Түркиянын күрддөр басымдуулук кылган аймагынын эң ири шаары – Диярбакирде жеңишке жетишти.

Шайлоо күнү өлкөнүн күрддөр басымдуулук кылган түштүк-чыгышында атаандаш эки саясий топтун жактоочулары ортосунда уруш чыгып, андан эң көп дегенде алты киши каза таап, бир нечеси жаракат алган.

XS
SM
MD
LG