Премьер-министрдин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, бүгүн түшкө чейин өкмөт башчы Игорь Чудинов Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү Вернер Груббер, ишкерлик-тобунун башчысы Оливье Декамп менен жолугушту. Жолугушууда банктын өкүлдөрү Кыргызстанга жардам жана инвестицияны көбөйтүүгө даярдыгын билдирген. Алар банк, ишкерлик жана донор уюмдардын долбоорлорун колдоо багытында иштөөгө кызыкдар болууда. Банк системасы үчүн 30-40 миллион евро насыя бөлүү жагын караштырууга даярдыгын билдиришкен. Бул тууралуу премьер-министрдин басма сөз катчысы Айбек Султангазиев “Азаттыкка” билдирди.(AiT)