Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Ооган оппозициясы Жогорку соттун чечимине нааразы


Ооганстандын негизги оппозициялык партиясы Жогорку Соттун президент Хамид Карзайдын кызмат мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү чечимин “кабыл алгыс” деп атады. Улуттук фронт коалициялык тобунун басма сөз өкүлү Саед Ага Фазил Саншаракинин айтымында, жакынкы күндөргө нааразылык демонстрациялары пландалууда. 29-мартта сот Карзай конституцияда көргөзүлгөн мөөнөттөн кийин да эмки президент ант бермейинче бийликте кала берет деген бүтүмүн чыгарган. Анын кызмат мөөнөтү май айында соңуна чыгат. Шайлоо болсо 20-августка белгиленген. Карзай президенттикке дагы бир ирет ат салышат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG