Популярдуу ырчы Мадонна Малавиге барды. Маалыматтарга караганда, ал Африканын бул жакыр өлкөсүнөн дагы бир бала багып алганга даярданууда. Жергиликтүү расмий адамдар поп жылдыз 4 жашар кызды багып алгысы келет дешет. Кыздын апасы өлүп калган деп кабарланууда. Мадонна 2006-жылы Малавиде эркек баланы багып алган. СПИД эпидемиясы жайылган Малавиде 1 миллионго жакын бала жетим калган.