Бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттик байланыш комитетинин жыйыны болуп, анда Ишенгүл Болжурованы Беларустагы, Жээнбек Кулубаевди Кытай Эл Республикасындагы, Бектур Асановду Пакистан Ислам Республикасындагы Кыргызстандын толук ыйгарым-укуктуу элчи кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды. Комитеттин мүчөлөрү сунушталган талапкерлерди колдошту.Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)