Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Лондондогу саммит алдында Орусия менен Германия жетекчилери жолукту


Кечээ Берлинде Орусия президенти Дмитрий Медведев менен немец канцлери Ангела Меркелдин сүйлөшүүлөрү өттү. Анын соңунан тараптар протекционизмге каршы экендиктерин билдиришти. Немец канцлери Ангела Меркел Чоң жыйырмалыктын лидерлери Лондондогу самитте соода-сатыкта жаңы тоскоолдуктардын киргизилишине каршы чыгаарына үмүттөнөрүн айтты.
Ал ошондой эле Орусия, Евробиримдик, Украина ортосунда газ боюнча тутанган жаңы чатакты жөндөөдө жардам сунуш кылды. Орусия Украинанын газ куурларын модернизациялоо боюнча Киев менен Евробиримдик ортосундагы сүйлөшүүлөргө жана макулдашууга кошулбай калганына нааразылык билдирүүдө. Немец канцлеринин айтымында, ал бул маселени Еврокомиссияда көтөрөт.

XS
SM
MD
LG