Ош шаардык миграция комитетинин төрайымы Нурийла Жолдошева «Азаттыкка» билдиргенине караганда, былтыр жумушсуздар 10 миңди түзсө, ушу мезгилде алардын саны 17 500дөн ашты. Тыштан кайткан мекендештердин эсебинен акыркы үч айда эле калаада 1,5 миңге чукул ишсиз жаран пайда болду. 2008-жылы Орусиянын аймактык бийликтери 3000 оштукту чакырып, кызматка жайгаштырса, азыр бир дагы орун сунуш этише элек. Жергиликтүү серепчилер Кыргыз өкмөтү өлкөнүн сыртында жана ичинде өз жарандарын туруктуу жумуш менен камсыздоону колго албаса, мамлекетте социалдык жарылуу ыңкылаптан да катуу болоорун эскертишүүдө. (ATo)