Бул иш чара эстетикалык тарбия берүү багытында жарандык коомдордун биригүүсүн арттыруу жана жаңы муундагы угуучулардын, көрүүчүлөрдүн кыялын, фантазиясын өөрчүтүү болуп эсептелет. Бул долбоор “Устатшакирт” улуттук-салттык музыкалар борборунун демилгеси менен искусство жана маданият жаатында Кыргызстандагы кызматташтык боюнча Швейцариялык Бюросунун, “Борбор Азиядагы музыкалык чыгармачылык тармагындагы демилге” программасынын колдоосунда өткөрүлмөкчү. “Музейлердин ишембиси” маданий долбоорунун бет ачары 4-апрелде Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде өтөт. (AJ)