Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Бишкек мэри шаардыктарга кайрылды


Нариман Түлеевдин кайрылуусунда шаарга мэр болуп келгенден берки жасалган иштер тууралуу айтылып, учурда эки жүз автобус пенсионерлерди акысыз, мектеп окуучуларын жана студенттерди жеңилдетилген акы менен ташып жатканы, троллейбус паркынан кошумча дагы он беш транспорт шаардын көчөлөрүнө эл ташууга чыгарылганы белгиленген. Кайрылууда айтылгандай быйылкы жылы борбор калаа дагы эки жүз автобус сатып алууга грант алганы турат. Мындан тышкары бир катар жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Мындан тышкары шаардык бюджеттин эсебинен 2008-жылы үч мектеп, эки бала бакчанын курулушу бүтүп, көп кабаттуу үч үй пайдаланууга берилди. Шаар мэри булар менен эле иш бүтүп калбагандыгын, негизги тапшырма алдыда тургандыгын белгилеп, шаарды таштандылардан тазалоодо жана жашылдандырууда көмөк көрсөтүүсүн бишкектиктерден өтүнгөн.
Шаардыктар болсо жолдордун начардыгын, бак-дарактарды сугарууга мүмкүн эместигин, тазалык жагы өтө начар каралып жаткандыгын, парктар, эч алуучу жайлар, чакан көчөлөр гана эмес, борбордук көчөлөрдө жарык берүү начардыгын айтып нааразы. Мындан тышкары Бишкекти айланта курчаган жаңы конуштардын абалы, суу, жол, транспорт маселелери чечилүүнү күтүп жаткандыгы да белгилүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG