Бул туурасында Москва районундагы “Болуш” ассоциациясынын жетекчиси Сапар Аргынбаев “Азаттыкка” маалымат берди. Учурда Чүйдүн бир катар районундагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу уюштуруп, анда шайлоо комиссияларына “Ак жол” партиясынан башка партиялардын өкүлдөрүн да мүчө кылуу талабын коюшууда. "Участкалык шайлоо комиссияларына болсо бюджетте иштегендерди дээрлик кошпоо керек. Эгер алар мурдагыдай мыйзам бузууларга жол берсе, айылдан көчүрүп жиберүү талабы менен чыгабыз”, - деп билдирет С. Аргынбаев. Бирок жергиликтүү бийлик азырынча бейөкмөт уюмдардын мындай талабына карата эч кандай пикир билдире элек. (JJ)