Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

Иса Өмүркуловду депутаттык кол тийбестиктен ажыратууга Башкы прокуратура киришет


Мыйзам боюнча ЖК депутаты кол тийбестик макамына ээ. Ошондуктан, Башкы прокуратура аны кол тийбестигинен ажыратуу үчүн парламентке кайрылмакчы.
26-мартта Башкы прокуратура тарабынан ЖК депутаты, социал-демократтар партиясынын мүчөсү Иса Өмүркуловго 2004-жылы июнь айында казакстандык жарандан 60 миң доллар пара алган, деген айып менен кылмыш иши козголгон. Каржы полициясынын экономикалык жана кызматтык кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы Камчыбек Кудайбергеновдун бүгүн журналисттерге билдиргени боюнча Иса Өмүркулов параны “Кыргыз темир жолу” ишканасын жетектеп турган учурда, Бишкек-Торугарт жолун куруу үчүн курулуш техникаларын сатып алууга жүргүзүлүүчү тендерди утуп берүүнү убада кылып, алган. Мындан тышкары “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигине байланыштуу дагы үч кылмыш иши козголгон. Депутаттын партиялаштары жана БЭК муну саясий куугунтук, деп баалашууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG