Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:56

Нарын облусунда айдап себүү башталды


Нарында алгачкылардан болуп бороз салуу Жумгал районунда башталгандыгын телефон аркылуу райондун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Сапарбек Садыков маалымдады. Бүгүнкү күнгө карата райондун Кызыл-Жылдыз, Чаек жана Чоң-Дөбө айыл округдарында 15 жер айдалган. Жумгал районунда 140 тонна дан эгин үрөн өксүктүгү бар. Бирок Нарын облустук үрөн инспекциясынын башчысы Самарбек Нурдөөлөтов Жумгал районунда 224 тонна үрөн жетпей жаткандыгын билдирет. Ал эми Жумгал районунун башкы аграрниги Сапарбек Садыков арпа үрөндөрүн Таластан,буудай уругун Нарын облусунун айрым райондорунан алып келүү иш аракети жүрүп жаткандыгын белгилеп, өткөн жылда Жумгалда 395 гектар дан эгин аянты күйүп кеткендигин кошумчалады. ( KUs)

XS
SM
MD
LG