Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Жалал-Aбатта никеге катталбаган аялдардын көйгөйлөрү талкууланды


Талкууну республикалык “Кызыл жарым ай” коому Британиялык долбоордун колдоосу менен өткөрдү. Катышуучулар белгилегендей, турмушка эрте чыккан жана никеге катталбаган аялдардын укугу бузулууда. Алар балдарына күбөлүк, жөлөкпул, ажырашканда алимент (накапул) ала алышпайт. Үй мүлкүн бөлүштүргөндө да адилеттүүлүк болбой, мүлктүн көбү күйөөсүндө калат. Үй-бүлөнүн бузулушуна кыз-келиндердин өз ыктыяры менен эмес зордук- зомбулук жана алакачуу ыкмасы менен күйөөгө берүү алып келүүдө. Ислам же башка диний салттарга болгон үйлөнүү мыйзамдуу катталгандан кийин гана таанылсын деген сунуш түшүп, үй-бүлө жана жарандык мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу резолюция кабыл алынды. Күйөөгө зордоп берилген кыз-келиндердин тагдырлары жөнүндө тасма көрсөтүлүп, баяндама жасалды. (YA)

XS
SM
MD
LG