Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Орусия менен Кытай аскерлери Тажикстанда биргелешип машыгат


Үстүбүздөгү айдын ортосунда Орусия жана Кытайдын аскер өкүлдөрү Тажикстанда өтө турган аскердик машыгууларга катышмакчы. Тажикстандын Коргоо министрлигинен кабарлашкандай, 17-19-апрел күндөрү өтө турган машыгууларга Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын куралдуу күчтөрү да катышаары күтүлүүдө. Бул иш-чара Шаңхай Кызматташтык уюмунун сүрөөнчүлүгү астында өткөрүлмөкчү. Тажикстандын Коргоо министрлигинин басма сөз өкүлү Фаридун Махмадалиевдин айтымында, мындай иш-чара эл аралык террорчулук, саясий экстремизм жана жикчилерге каршы күрөштө өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

XS
SM
MD
LG