Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

Израил тынчтык жараянын “Хамасты” куралсыздандыруу менен байланыштырат


Израилдик министрдин оюнча, Газа тилкесин куралданган “Хамас” уюму башкарып жаткан чакта палестиндер менен тынчтык сүйлөшүүлөрдө ийгиликке жетүү кыйын. Бул тууралуу Израилдин жаңы тышкы иштер министри Авигдор Либерман билдирди. «Хаарец» гезитине берген маегинде министр Либерман палестиндер биринчи кезекте террорчулукка каршы туруп, Газа тилкесин өз көзөмөлүнө алып, «Хамасты» куралсыздандырышы керек деп белгиледи. Либермандын ырасташынча, азыркы израилдик өкмөт палестиндер менен эгемен Палестин мамлекетин түзүү боюнча тынчтык келишимин аткарууга милдеттүү эмес. Маалым болгондой, 2007-жылы АКШ арачылыгы менен Аннаполисте өткөн жыйында Израил жана Палестинанын лидерлери Палестин мамлекетин түзүү жана тынчтык жараяны боюнча өз ара макулдашууга жетишкен.

XS
SM
MD
LG