Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Чоң Жыйырмалык Лондондо саммит өткөрүүдө


Бүгүн (2-апрелде) Лондондо өтүп жаткан саммитте дүйнөнүн өнүккөн 20 өлкөсүнүн лидерлери экономикалык кризистен чыгуунун жолдорун талкуулашууда. АКШ президенти Барак Обама жана британ премьер-министри Гордон Браун жолугушуунун натыйжасында бардыгы бирдиктүү макулдашууга жетерине үмүт артып жатканын айтышты. Бирок Франция жана Германия АКШнын экономиканы стимулдаштыруу үчүн өкмөттүк каржылык жардамды көбөйтүү сунушуна каршы чыгышты. Британиянын Ишкердик министри Питер Манделсондун айтымында, Чоң жыйырмалыктын лидерлери Эл аралык валюта кору жана башка тийешелүү мекемелер үчүн каржылык жардамды “олуттуу көбөйтүүгө” макул болушту, бирок канча акча бөлүү керек деген суроо ачык бойдон кала берүүдө. Анын аралыгында антиглобалисттер Лондондо бүгүн да дүйнөлөшүү жараяны деп өздөрү атаган көрүнүшкө каршы нааразылык чараларын өткөрүүгө беленденүүдө.

XS
SM
MD
LG