Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Укук коргоочулар кеңеши шайлоонун эрте өтүшүнө тынчсызданууда


Акыйкатчынын алдындагы укук коргоочулар кеңеши шайлоого шайлоочулардын активдүү катышаарына ишеним артпай турат. Анткени соңку жылдары Кыргызстанда шайлоочулардын укуктары бузулгандан бузулуп келет. “Жогорку Кеңешке болгон соңку шайлоолордун ырасмий жыйынтыгы жарыяланбаганы, шайлоо жыйынтыгын талап кылган жарандарды массалык камакка алуу, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын шайлоо жыйынтыгана карата бааларын эске албоо, БШКнын төрайымынын өлкөдөн чыга качышы, Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдүн кириши – булардын баары шайлоочулардын шайлоолор таза өтөрүнө ишенимин жоготту” - дешет укук коргоочулар. “Мындай шартта президенттик шайлоону эртелеп өткөрүү жарандардын шайлоого пассивдүүлүгүнө алып келиши мүмкүн. Бул өз кезегинде өлкөдөгү ансыз да бейстабилдүү абалды курчутушу ажеп эмес” деп жазылат Акыйкатчы алдындагы укук коргоочулар кеңеши бүгүн тараткан билдирүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG