Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Элдик революциялык кыймыл “Бакиевсиз шайлоо” ураанын көтөрүүнү болжоодо


Элдик революциялык кыймыл 20-апрелге белгиленген нааразылык акцияларына токтоосуз даярдыктарды көрүү керектигин БЭКке сунуштады, мындай чечим элдик революциялык кыймылдын кечээги жыйынында кабыл алынды. Аталган кыймылдын билдирүүсүндө, “27-марттагы митингде БЭК бийликке бир катар талаптарды койгон. Мына Иса Өмүркуловго кылмыш ишин козгоду. Бул биздин талапка бийликтин жообу. Ошондуктан 20-апрелге карата “Бакиевсиз шайлоо” урааны астында нааразылык акциясына токтоосуз даярдык көрүү керек”,-деп айтылат. БЭК 27-марттагы митингде бийликке беш талап коюп, эгер бул талаптар аткарылбаса 20-апрелден баштап нааразылык акцияга чыгышарын билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG