Түркиянын мамлекеттик теле-радиосу ТРТнын билдиргенине караганда, армян тилиндеги алгачкы отуз мүнөттүк программасы кечээ обого чыкты. Мамлекеттик радио ошондой эле кечээтен тарта күрд тилиндеги радио програмасын да баштады. Мунун алдында, быйыл январдан тарта күрд тилиндеги телеберүү обого чыга баштаган. Соңку кадамдар АКШ президенти Барак Обаманын Түркияда ушул жекшембиде башталып жаткан сапары алдында орун алды.
Түркия президенти америкалык мыйзамгерлердин мындан дээрлик бир кылым мурда Осмон империясы тарабынан армяндар кырылган окуяны геноцид катары мүнөздөгөн резолюциясына Барак Обаманын тоскоолдук кылуусун каалайт.