Бул тууралуу орус президенти Дмитрий Медеведев билдирди. Медведевдин кабарчыларга Лондондон билдиргенине караганда, АКШ президенти Барак Обама менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн учурунда, чыңалган абалды жөндөө багытында айрым жылыштар жасалды, бирок “өтө татаал маселелер боюнча олуттуу прогресс” болгон жок. Бирок орус президенти алар кайсыл маселелер экенин айтпады.
АКШ жана Орусия лидерлери шаршемби күнү Лондондо өткөн туңгуч жолугушуусунда өзөктүк куралдарды кыскартууну караган жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону макулдашкан.
АКШ жана Орусия лидерлери шаршемби күнү Лондондо өткөн туңгуч жолугушуусунда өзөктүк куралдарды кыскартууну караган жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону макулдашкан.