Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:48

Улуттук электр станциялар Камбар-Ата-1 маселесин 15-апрелде талкуулайт


Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча кыргыз тараптан Улуттук электр станциялар акционердик коому жооптуу болуп дайындалган. Акционердик коомдун директорлор кеңеши 15-апрелде чогулуп, ГЭСти куруу боюнча маселени талкуулайт. Бул тууралуу Улуттук электр станциялар акционердик коомунун маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Белгилүү болгондой Кыргызстан менен Россия Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, ал үчүн биргелешкен ишкана түзүү келишимине жетишкен. Биргелешкен ишканага Россия өкмөтү 1 миллиард 700 миллион доллар насыя бөлөт.Орус өкмөтү келишим Россиянын ички жол-жобосунан өтүп, күчүнө киргенин өткөн жумада жарыялаган.(AiT)

XS
SM
MD
LG